Жалал-Абаддын тургундарын 3 миллион сомдон ашык суммага алдап кеткен аял кармалды (видео)
Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул туурасында бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга “QRAX” санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен бир аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгү маалым болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжасында шектүү катары 1977-жылы туулган Өзгөн районунун И.Г. аттуу тургуну кармалган. Кармалган аял тарабынан 27 кылмыш иши аныкталып, жалпы 3 миллион 534 миң 330 сом зыян келтиргендиги маалым болгон.
18-февралда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып алынып, камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жалал-Абаддын тургундарын 3 миллион сомдон ашык суммага алдап кеткен аял кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.