Ипотекалык үйлөрдү курууга Түштүк Кореядан насыя алуу каралууда (видео)
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кечээ, 10-марттагы жыйынында Түштүк Кореядан насыя алууну макулдашуу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Ага ылайык, 2025-2029-жылдар аралыгында Түштүк Кореянын Экономикалык өнүктүрүү жаатында кызматташуу фондунан (EDCF) 500 миллион доллар өлчөмүндө насыя алуу каралууда. Анын мөөнөтү 40 жыл. Кредиттин 200 миллион доллары Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүнөт.
Финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, макулдашууга кол коюунун максаты – өлкөнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык тармактарына инвестициялык долбоорлорду каржылоо болуп саналат.
Видео: Парламенттин маалымат кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

