super.kg logo
  Саясат  

"Инвестиция, англис укугу..." Бишкекте Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын элчиси менен жолукту

 

Бүгүн, 11-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын бириккен королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салууда англис укугун колдонуу маселелери боюнча эл аралык консультанттар менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүн талкуулашты.

"Өзгөчө көңүл инвестициялык жана башка коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө багытталган көз карандысыз арбитраждык механизмди түзүүнүн келечегине бурулду. Бул механизм жалпы англис укугунун нормаларын, ошондой эле башка жалпы укук юрисдикцияларынын эрежелерин жана принциптерин колдонуу менен иштейт деп болжолдонууда.

Мындан тышкары, бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө турган өзгөчө укуктук режими бар атайын инвестициялык аймакты (ИТТ) түзүү демилгеси талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Николас Боулер “Улуу Британия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүү үчүн укук тармагындагы экспертизасы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр” деп белгиледи. Учурда бул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон консультациялык-методикалык колдоону каржылоо форматын аныктоо процесси аяктап жатканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: