super.kg logo

Дональд Трамп Илон Масктын Tesla унаасын сатып алды (видео)

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн алдында миллиардер Илон Масктын Tesla компаниясынын унаасын сатып алды.

Анын унааны алып жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тарады. Трамп Маск менен анын кичинекей уулунун жанында туруп, "Биринчиден, бул сонун продукт. Экинчиден, ал өзүнүн күчүн жана жашоосун ушуга арнады", - деди.

Чет элдик басылмалар АКШнын лидери ишкерлер менен жолугушуусунда Tesla унаасын кантип сатып алганын ачыктаганын жазышты.

"Биз түз эле Ак үйдүн алдына чыктык. Анын (ред.: Илон Маск) төрт унаасы бар болчу. Мен журналисттердин көзүнчө бирөөнү сатып алдым", - деген ал.

Буга чейин Трамп миллиардер Илон Маскты колдоо үчүн жаңы Tesla унаасын сатып алууну убада кылган. Белгилүү болгондой, апта башында Tesla компаниясынын акциялары 15 пайыздан ашык арзандаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: