super.kg logo

16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү: Иш сотко качан өтөрү белгилүү болду 

 

Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү боюнча Казакстандын Ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов комментарий берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, иш жакын арада сотко өтөт.

"Учурда Шерзаттын иши прокуратурада иликтенип жатат. Иш жакын арада ушул жумада сотко өтөт", - деп билдирген Адилов.

Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн сприт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар тааныштарын чакырып, 13 адам болуп келишкен. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Натыйжада өспүрүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Окуядагы күбөлөрдүн айтымында, мушташка келгендердин баары куралчан болушкан. Алардын экөө өспүрүмгө кол салуу болуп жаткан учурда апасын кармап турган. Чоң энесин да түртүп жиберген.

Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын айткан. Ал эми иштин тергөөсүн Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдиришкен.

Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: