super.kg logo

Ошто апасы менен жүргөн 17 жаштагы дагы бир кыз дайынсыз жоголду

 
Ош шаарында 17 жаштагы Роза Мамасадыкова дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 2008-жылы туулган Роза Мамасадыкова 8-март күнү саат 12:00 чамаларында Ош шаарындагы А.Навои мектебинин маңдайында жайгашкан аялдамада бир аз туруп, апасынын алаксып калганынан пайдаланып, түндүк тарапка карай басып кеткен боюнча үйүнө кайрылган эмес.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө кара жемпир, кара шым болгон. Бутунда кышкы кара түстөгү бут кийим.
Ош ШИИББи дайынсыз жоголгон кыз тууралуу маалыматы барларды төмөндөгү телефон аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 03222) 4-82-82, 0990-90-79-18.
Буга чейин дагы Ошто апасы менен автобуста кетип бара жаткан кыз дайынсыз жоголгону кабарланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: