Оштогу 5 баллдык жер титирөөдөн турак үйдүн ички дубалы кулап түштү (видео)
Бүгүн, 12-мартта Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам бир турак үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсүнөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланды.
ӨКМ учурда жарандык коргонуу комиссиясы Жоош, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы турак үйлөрдө, социалдык объекттерде тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, 12-мартта саат 09:11де Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.