Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)
Бишкектеги Баят базарынын жанында оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Жол кырсыгы бүгүн, 12-мартта саат 11:30 чамасында Махатма-Ганди көчөсүндө болгон. Анда КамАЗдын айдоочусу бир багытта бара жаткан Kia Morning үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин сүзүшкөн унаалар каршы тилкеге чыгышкан. Ал жактан алар Toyota 4Runner, Honda Fit жана скутер менен кагышкан.
Кырсыктан үч адам ооруканага жеткирилди. Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.