super.kg logo

Казакстанда орган сатуу боюнча соттолгон украиналык аял Польшада кармалды

 

Польшанын чек арачылары адам органдарын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, 35 жаштагы Украинанын жараны Казакстанда сыртынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал мыйзамсыз адамдын 56 бөйрөгүн сатууну уюштурган деп айыпталууда.

Перемышлянын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аял 6-мартта Интерполдун өтүнүчү менен Польша менен Украинанын ортосундагы темир жол кесилишинен кармалган. Шектүү 2020-жылдын ноябрь айынан бери издөөгө алынган.

“Аял 2017-жылдан 2019-жылга чейин органдарды сатуу менен алектенген. Анын курмандыктары Казакстандын, Армениянын, Азербайжандын, Украинанын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Таиланддын жарандары болгон. Сурактан кийин прокуратура кармалган жаранды андан ары экстрадициялоо үчүн 7 күнгө камакка алуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган”, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: