super.kg logo

Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата кандай даярдык көрүүдө?

 
Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кеңешмеси өттү. Жыйында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү жана башка курч маселелер талкууланды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, калаа башчысы жыйында бир катар тапшырмаларды берди.
- Вице-мэр Виктория Мозгачевага бардык майрамдык иш-чараларды координациялоону камсыз кылууну тапшырды;
- Шаардык ички иштер башкы башкармалыгына коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды;
- Муниципалдык инспекцияга майрамдык иш-чаралар учурунда башаламан сооданы алдын алуу милдеттендирилди;
- Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун шаардагы башкармалыгына өз компетенциясынын чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү жана коомдук тамактануу жайларында, өзгөчө пландалган Ак-Кула ипподромунун жана убактылуу батыш автобекетинин аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө тапшырылды;
- «Тазалык» муниципалдык ишканасы иш-чаралар учурунда тазалыкты камсыздап, коопсуздукту күчөтүшү керек;
- Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат;
Мындан тышкары, административдик райондордун башчыларына иш-чаралардын коопсуз өтүшүн камсыздоо, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде тартипти жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилгендиги маалыматта кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: