super.kg logo

Грузиянын соту мурунку президент Михаил Саакашвилини дагы 9 жылга эркинен ажыратты

 

Тбилис шаардык соту Грузиянын мурунку башчысы Михаил Саакашвилини мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып менен 9 жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Сот Саакашвилини президент болуп турган кезде мамлекеттик каражаттан баласынын окуусуна каражат төлөгөндүгүн айтып, айыптаган. Мындан тышкары кымбат учактарды жана унааларды ижарага алган. Аны менен катар жеке өзүнө кийимдерди сатып алгандыгы айтылат. Ага бул айып 2014-жылы тагылган. Анда 2, 9 миллион доллар мамлекетке зыян келтиргендиги маалыматта кошумчаланган.

Отурумда Грузиянын мурунку президенти келген конокторду жогорку деңгээлде тосуп алуу үчүн каражаттар жумшалганын айтып, актанган.

Белгиленгендей, учурда Саакашвили борбордогу ооруканалардын биринде 2022-жылдын май айынан бери дарыланып жатат. Ага чейин ал бир айлык ачкачылык жарыялаган. Клиникадан түз эфирге чыккан Саакашвили ден соолугу начарлап жатканын айтып, сот отурумун жылдырууну суранган. Аны менен бирге Мамлекетттик оопсуздук кызматынын мурунку башчысы Теймураз Джанашия бул айып менен сот жообуна тартылып, 300 миң лари айып пул төлөө милдеттендирилди.

Айта кетсек, азыркы тапта Саакашвили депутат Валери Гелашвилини ур-токмокко алгандыгы жана Сандро Гиргвлиандын өлтүргөндөрдү актагандыгы үчүн кесилген 6 жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: