super.kg logo

Бишкектеги төрт унаанын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча милиция маалымат берди

 

Бишкекте төрт унаанын катышуусундагы кырсык боюнча милиция маалымат берди.

Маалымдалгандай, окуя бүгүн, 12 мартта болжол менен саат 11:30 чамасында катталган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1991-жылы туулган О.И. аттуу жаран, Махатма Ганди көчөсү менен Түндүк тарапты көздөй бара жатып, сол тарапка бурулаарда, келе жаткан багытта Kia Morning үлгүсундөгү автоунааны башкарып бара жаткан 1982 жылы туулган Ж.М. менен кагылышкан. Натыйжада, КамАЗга карама-каршы тилкеге чыгып, Махатма Ганди көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан Toyota 4Runner, Honda Fit жана Скутер үлгүсүндөгү автоунаалар бири бири менен сүзүшүп алган.

"Жол кырсыгынын кесепетинен Honda Fit автоунаасынын айдоочусу 1970-жылы туулган Т.С., скутердин айдоочусу 2008-жылы туулган И.Б, жана жүргүнчүсү 2009-жылы туулган Б.Р., денесине алган ар кандай жаракаттардан, "Тез жардам" бригадасы менен медициналык мекемеге жеткирилген. Бул факт Бишкек шаарынын ИИББнын электродук журналына катталып, териштирүү иштери башталды. Окуя боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында .

Белгилей кетсек, буга чейин катталган ири жол кырсыгынын видеосу социалдык баракчаларга тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: