super.kg logo

ОшМУ QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кирди

 

Ош мамлекеттик университети QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кошулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Анда кабарлангандай, ОшМУ аталган рейтингге заманбап тилдер программасы боюнча 301-350-позиция менен дебют жасады.

QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин быйылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан (искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент) турат.

Жарыяланган предметтик рейтингге Казакстандын 11, Өзбекстандын 5 университети кирген. Кыргызстандан Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кошулду.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында АКШнын, Улуу Британиянын, Канаданын, Швейцариянын, Нидерландынын, Италиянын ЖОЖдору турат. Анда дүйнөнүн 101 өлкөсүндөгү жана аймагындагы 1756 жогорку окуу жайдын 21 миңден ашуун билим берүү программасы көз карандысыз салыштырма анализден өткөн.

Дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин предметтик рейтингин түзүүдө QS төмөнкү беш негизги көрсөткүчтү колдонот:

  • Академиялык репутация;
  • Иш берүүчүлөр арасындагы аброю;
  • Бир басылмага берилген цитаталардын саны;
  • h-индекс
  • Эл аралык илимий кызматташтык индекси.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: