Чүйдө тигүүчү цехтен өрт чыкты



Чүйдөгү Аламүдүн районунун Луговой айылында кийим тигүүчү цехте чыккан өрт өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 10:42де Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, 10:56да кошумча дагы 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо цехтин 550 чарчы метрин жалмаган.
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.