Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө (сүрөт)







Нооруз майрамын утурлай кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусунун урматына Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган чектеш район башчылары жана жергиликтүү кыргыз-тажик элдери катышууда.
Облус башчылары кошуна жашаган кыргыз-тажик элин бул тарыхый күн менен куттуктап, алдыда эки элдин ынтымагын бекемдөө, ар тараптуу кызматташуусун жандантуу аракеттери көрүлөрүн айтышты. Бул күндүн урматына чек арада кыргыз-тажик элдеринин улуттук баалуулуктарын даңазалаган иш-чаралар уюштурулду. Сүмөлөк кайнатылып, улуттук тамак-аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр жайылды. Жергиликтүү таланттардын улуттук ыр-бийлери жаңырды.
Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы 2021-жылдын май айынан бери жабык турган “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.