Иранга Дональд Трамптын жазган каты жетти
АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге жазган катын Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин кеңешчиси Анвар Гаргаш Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчиге тапшырды. Бул туралуу ТАСС агенттиги жазды.
"Тегерандагы жолугушууда тараптар аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алышты. Анвар Гаргаш АКШ президентинин катын тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 7-мартта Трамп Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган кат жөнөткөнүн билдирген. Иран лидери буга комментарий берип, АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын, анткени Вашингтон өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоорун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.