super.kg logo

Башкы прокуратура Бишкекте мыйзамсыз курулуш боюнча кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

 

Бишкекте мыйзамсыз курулуш боюнча кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө буга чейин архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан, Репин көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектиси боюнча “Б.П.К.” компаниясына карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, андан ары мыйзамсыз тургузулган объектти бузуу жана лицензиялык уруксат берүү системасынын алкагында чара көрүү жөнүндө доо арыз берүү тууралуу кызматтык каттар жөнөтүлгөндүгү аныкталган.

Бирок курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз курулуш иштери тууралуу маалыматка ээ болушкандыгына карабастан аны токтотуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй, ал эми доо коюу жана лицензияны чакыртып алуу жөнүндө кызматтык каттар көңүл сыртында калтырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: