super.kg logo
  Саясат  

Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады 

 

Бүгүн, 13-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы өткөрүлгөн иш-чаралар:

- Сапардын биринчи күнүндө эки өлкөнүн лидерлери "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышып, фольклордук-этнографиялык ансамблдердин катышуусундагы концерт көрүштү.

- Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң эки мамлекет башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

- Эки өлкө лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде кыргы-тажик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.

- Мындан тышкары экономика, энергетика, айыл чарба жана башка ар түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюлду.

- Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишин жандандыруу аземине видео байланыш режиминде катышты.

- Андан кийин мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болорун, ал эки өлкөнүн элдери жана ошондой эле кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарын баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: