super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши түзүлөт

 

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши түзүлөрүн Садыр Жапаров кечээ, 13-мартта Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда айтты.

Мамлекет башчысы кыргыз-тажик чек арасы боордош эки өлкө менен элдин түбөлүк достугунун чек арасы болуп кала берерин белгиледи.

"Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн ырастайбыз. Бул максаттарда Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, эки өлкөнүн Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин потенциалы толук өлчөмдө пайдаланылат.

Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, аны Министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: