super.kg logo
  Саясат  

Шинжаң-Уйгур автоном району менен Ысык-Көлдү байланыштырган темир жол куруу сунушталды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Ак-Суу ооданынын башчысы Адили Али баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, Төрөбаев Кыргызстан Ак-Суу ооданы менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Адили Али Кытай тарап да Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө “Бедел” өткөрүү бекетинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бул чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көңүл бурулду. Ошондой эле Адили Али Ак-Суу—Бедел—Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: