super.kg logo

Υйүңүзгө жакын уюлдук секи орнотулуп жатса эмне кылыш керек?

 

Эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөш жана коркпош керек. Кечээ бул керемет куштарды Жалал-Абад облусунун Кажыр-Абад айылында сүрөткө тартып алышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча, илегилектер уяларды адатта апрелде ээлешет, ал эми быйыл мындай окуя бир топ эрте болду. Куштар жумуртка басуу үчүн уялоого ыңгайлуу жерлерди издешет. Бир катар жылдардан бери мындай жер болуп Базар-Коргон районундагы О! уюлдук секиси эсептелип калды. Бул жерде куштар эки-үч ай болуп, балапандарын багышат жана канаттарынын булчуңдарын машыктырып тарбиялашат. Андан кийин алар "үйүн" кийинки жылга чейин таштап кетишет.

Мындай жанаша жашоо – базалык станциялары табият менен достук мамиледе экенинин дагы бир далили.

О! техникалык адистеридин айтуусу боюнча секилер белгилүү бир жүктөмгө эсептелгенин (үстүнө орнотула турган жабдуунун саны, тышкы өлчөмдөрү жана салмагы) эске алуу менен, мындай чогуу жашоону үзбөө үчүн колунан келген аракеттерди жумшап келишет.

Компания объектилерин орнотууда санитардык ченемдердин баарын сактайт. Бул көз карандысыз лаборатория, ошондой эле ар кандай мамлекеттик кызматтар тарабынан текшерилет.

О! компаниясы жарандарды заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу аркылуу Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштейт. Алардын катарына ыкчам кызматтар менен байланыш, өлкөнүн эң алыскы жерлеринде онлайн-билим алуу, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жана башка көптөгөн шарттар кирет.

"НУР Телеком" ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: