Кайгуул кызматкерлери Бишкекте ээнбаштык кылган айдоочуну таап, жазалады (видео)
Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочунун унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде атайын автоээнбаштык кылып жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны таап, айдоочусуна карата 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.