super.kg logo

Мугалимдер эми мектептеги ремонт иштерине тартылбайт

 
Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун бүгүн, 14-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартылбай турганын билдирди.
Министрдин айтымында, мугалимдердин негизги милдети - сабак берүү жана билим берүү процессин уюштуруу.
Министр ошондой эле республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук ондоп-түздөөгө 401 миллион сом бөлүнүп жатканын билдирди. Буга чейин материалдарды жана товарларды гана сатып алуу каралса, мындан ары утурумдук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү кызматтарын дагы каржылоо каралат.
Бул боюнча бардык билим берүү башкармалыктарына кат жөнөтүлгөнүн, тапшырма берилгендиги кошумчаланды.
Мындан тышкары министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2025. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдер окуучуларды,ата энелерди чакырып краска кылдырат,колунда бар ата энени байкаса краска алдырат,люстра алдырат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: