super.kg logo

 УКМК алдамчылыкка шектелген 19-22 жаштагы жарандарды кармады (видео)

 

Бишкекте WhatsApp мессенжерлери аркылуу элди алдап, шылуундарга жардам берген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган А.У., 2004-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган Э.Э. аттуу жарандардын уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Шектүүлөр кармалып УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

"Алар уюлдук операторлордун СИМ-карталарын колдонуу менен мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын массалык түрдө активдештиришкен. Андан кийин бул аккаунттар эл аралык "скамер" шылуундарына сатылып, кыргыз жарандарынын акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алуу максатында "фишинг" манипуляциясын ишке ашырышкан. Натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өтүп кеткен.

Өз кезегинде эл аралык алдамчылар Кыргызстандын чегинен тышкары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө алган аккаунттарын пайдаланып, жарандар менен мобилдик мессенжер аркылуу байланышкан. Жарандарга психологиялык таасир көрсөтүү максатында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышкан. Натыйжада жарандар алданып өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришип, мындай көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын жараткан", - деп айтылат маалыматта.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: