Билим берүү министри: "1-класска балдарды кабыл алууда эч кандай экзамен болбойт"
Балдарды 1-класска кабыл алууда эч кандай тандоо жана кирүү экзамени өткөрүлбөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, министрлик ата-энелердин жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу балдарды 1-класска жана 2-класска автоматтык түрдө кабыл алууну камсыздайт. Бул процесс эч кандай сертификатсыз жана сынаксыз өткөрүлөт.
Мыйзамга ылайык, мектептерде окуучуларды тандоо процесси каралган эмес, бардык балдар билим алуу мүмкүнчүлүгүнө тең укуктуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

