super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Тургунбек уулу Пакистандын элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү уланып, учурда 18 миңден ашуун пакистандык студент Кыргызстанда билим алып жатканын белгиледи.

“Биз башка тармактарда да кызматташууну кеңейтүүгө даярбыз. Айрыкча энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди ал.

Андан тышкары, CASA-1000 долбоорунун жакын арада ишке киргизилишин колдой тургандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Хасан Али Зайгам Пакистан мамлекети үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Мындан тышкары элчи медицина тармагы боюнча билим алууну каалаган пакистандык студенттер үчүн Кыргызстанда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык байланыштарды эки тараптуу иш сапарлар менен бекемдөө керектигине да токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: