super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандынын миссиясы аяктагандыгы айтылды

 

Бүгүн, 14-мартта президент Садыр Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доганды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Ахмет Садык Доганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Жапаров эки өлкөнүн парламенттери менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп, Түркия менен түзүлгөн жылуу боордош мамилелерди жогору баалады. Президент ошондой эле өткөн жылы Президент Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын оң натыйжаларын белгиледи.

Өз кезегинде Ахмет Садык Доган мамлекет башчысына өлкөдө болгон мезгилдеги колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Түркия Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кечээки келишимдер боюнча расмий билдирүү жасаганын белгилеп, регион үчүн бул маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоосун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: