super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте ТүркПАнын Айлана-чөйрө боюнча комиссиясынын X жыйыны болуп өттү

 

Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын X жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын парламенттик делегациялары катышты. ТүркПА комиссиясынын мүчөлөрү аталган комиссиянын иши жөнүндө отчётун угуп, "Экологиялык билим берүү жана калкты агартуу жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорун талкуулашты.

Жыйында депутат Айсулуу Мамашова экологиялык билим берүү мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүдөгү эң маанилүү аспект экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал аталган моделдик мыйзам долбоору актуалдуу экенин, аны ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык кабыл алуу зарылдыгын айтты.

ТүркПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Ахмет Зенбилжи азыркы шарттарда экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери маанилүү болуп турганын, анткени ал коопсуздукту жана калктын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелер менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле экологиялык жактан коопсуз ишканаларга инвестиция тартуу маселелери боюнча иш алып баруу зарылдыгын ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында жыйындын катышуучулары отчётту жана Комиссиянын XI жыйынынын темасын "ТүркПАга мүчө мамлекеттерде айлана-чөйрөнүн булганышы: кызматташуудагы кѳйгѳйлѳр жана кызматташуунун келечектери" деп бекитишти. Муну менен катар "Айлана-чөйрөнү жана көл жээктериндеги саламаттыктын абалын баалоо жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: