Ошто кыйылган бактардын орду Италиянын көчөттөрү менен жаңыланууда







Бүгүн, 14-мартта Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен кесилишкен А.Навои көчөсүнөн баштап, Г.Айтиев көчөсүнө чейинки аралыкка, жолдун эки тарабына кызыл жалбырактуу клён дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, көчөттөр бүчүр байлап, өзүнүн топурагы менен кошо алып келинген. Алардын ар биринин баасы 200-250 долларды түзүп, Италия өлкөсүндө жетиштирилгендиги маалыматта кошумчаланган.
"Шаардын сырткы көрүнүшүн, климаттык абалын жакшыртуу максатында шаар көчөлөрүнө мындан тышкары ясень, катальпа, акация сыяктуу бак-дарактар отургузулуп, 140 миң түп роза менен көрктөндүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, иш-чарага шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңешинин депутаттары, жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, көчөт тигишти.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагындагы бак-дарактар эскилиги жеткен деген жүйө менен кыйылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.