Ошто селканаларды тазалоо иштери күчөтүлдү (видео)




Ош шаарында сел кооптуулугун алдын алуу иштери башталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, учурда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тотоев көчөсүндөгү сел тосмосун тазалоо иштери жүрүп жатат.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев жерине ӨКМдин кызматкерлери менен барып, казуу иштерин көрүп, тапшырма берип кайтты.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Ош шаарында нөшөрлүү жаандан улам суу ташкыны катталып, жаратылыш кырсыгы адам өлүмү менен коштолгон.
Ошто сел кооптуулугун алдын алуу иштери башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.