super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылган жарандарга жол тескөөчүлөрү жардам көрсөтүштү (видео)

 

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктап, жаракат алган жарандарды жол тескөөчүлөр ооруканага коштоп жеткирип, алгачкы жардам көрсөтүштү. Бул тууралууу бүгүн, 16-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздооо башкармалыгынан билдирди.

Маалымдалгандай, жол тескөөчүлөрү бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды ооруканага алып бара жаткан айдоочу жардам сурап кайрылган. Жол тескөөчүлөрү ошол замат жаракат алган жарандарды кызматтык унаа менен коштоп, Жайыл райондук ооруканасына ыкчам коштоо менен жеткирип, биринчи жардамды көрсөтүштү.

Тактоо учурунда жаракат алган жарандар Бишкек-Ош унаа жолунун 106-чакырымында жол кырсыгына кабылгандарын айтып, жол тескөөчүлөрүнүн ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдиришкен.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: