super.kg logo
  Саясат  

АКШ Кыргызстан жана Тажикстанды чек ара келишимине жетишкендиги менен куттуктады

 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен Тажикстанды чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тарыхый келишимдин кабыл алынуусу менен куттуктады. Бул тууралууу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюстун билдирүүсүн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады.

Брюс бул жетишкендик эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн дипломатияга жана аймактык стабилдүүлүккө умтулуусун чагылдырарын белгилеген.

"Чек арадагы талаш-тартыштарды чечүү өкмөт аткара ала турган эң татаал дипломатиялык милдеттердин бири болуп саналат жана биз эки өлкөнүн башчыларынын тоскоолдуктарды жеңүүгө болгон көз карашын жана чечкиндүүлүгүн кубаттайбыз. Америка Кошмо Штаттары бул маанилүү келишим сооданын жана элдердин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө жана тынчтыкка жол ачат деп үмүттөнөт", - деп айтылат анда.

Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттер уюму (ТМУ),Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин кубаттаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон 13-мартта Бишкекте кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: