super.kg logo

"Арасында "Азаттык" да бар". Трамп жети агенттикти кыскартуу боюнча буйрукка кол койду

 

АКШнын президенти Дональд Трамп “өкмөттүк бюрократияга” каршы күрөштүн алкагында жети федералдык агенттиктин кызматкерлерин олуттуу кыскартууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ак үйдүн сайтында 14-март күнү кечинде жарыяланган буйрукта ал уюмдардын тизмеси келтирилген. Алардын арасында АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) бар, ал 49 тилде иш алпарган америкалык беш ири медиа корпорацияны, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” жана “Америка үнү” радиолорун көзөмөлдөйт.

Тизмеге ошондой эле Музей жана китепканаларды башкаруу кызматы, Азчылыктардын бизнесин өнүктүрүү агенттиги, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңеши, Федералдык медиация жана элдештирүү кызматы, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борбору, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусу кирет.

Трамп агенттиктин жетекчилерине "милдеттердин жана кызматкерлердин санын минималдуу кыскартууну" жана "мыйзамда каралбаган" агенттиктин функцияларын жоюуну тапшырды. Аталган уюмдардын жетекчилери жети күндүк мөөнөттө буйруктун аткарылышы жөнүндө отчёт берип, мыйзам чегинде талап кылынган функцияларды түшүндүрүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: