Түндүк Македонияда дискотекада чыккан өрттөн кеминде 50 адам каза болду
Түндүк Македониянын Кочани шаарындагы дискотекадан чыккан өрттөн 51 адам каза болду. Бул тууралуу ички иштер министри Панче Тошковский билдиргенин чет элдик басылмалар жазды
"Акыркы маалыматтар боюнча, дискотекадагы кырсыктын кесепетинен 51 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү", - деген ал.
Саламаттыкты сактоо министри Арбен Таравари 118 киши жаракат алганын, алардын арасында балдар да бар экенин билдирди.
Пульс дискотекасындагы өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында пиротехникалык каражат колдонуп жатканда чыккан. Концертке 1,5 миңдей киши келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.