Бокс боюнча дүйнө чемпиону өзбекстандык мушкерди жеңип, жеңишин Роналдунун стилинде белгиледи (видео)
Түрк мушкер айымы Бусеназ Сюрменели Сербиянын Ниште шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча дүйнө чемпиондугунда өзбекстандык Навбахор Хамидованы жеңип, дүйнө чемпиону болду.
Сюрменели менен Хамидова 66 килограммга чейинки салмакта алтын медаль үчүн беттешти. Беттештин жыйынтыгы менен түркиялык мушкер 5:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке жетти.
Түркиялык мушкер жеңишин "Аль-Наср" клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун стилинде белгиледи.
Түрк мушкеринин жеңишин майрамдоосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.