БУУ АКШны Йеменге болгон аскердик аракеттерин токтотууга чакырды
Бириккен Улуттар Уюму АКШны максималдуу сабырдуулукка жана Йемендеги бардык аскердик операцияларды токтотууга чакырат. Бул тууралуу кечээ, 16-мартта БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжарриктин чет элдик басылмаларга берген маегинде айтылат.
"Жаңы эскалация аймактык чыңалууну курчутуп, Йеменди жана аймакты мындан ары дестабилдештирип, өлкөдөгү ансыз да оор гуманитардык кырдаалга олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн", - деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Йемендеги хуситтерге каршы аскердик операция баштагандыгы айтылып, ал өлкөнүн президенти Дональд Трамп аны жеке көзөмөлдөгөнү белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.