super.kg logo

"Эч ким чыкпайт". Суджа шаарында 100дөй украиналык аскер курчоодо калды

 

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 100дөн ашык адамдан турган бөлүгү Курск облусундагы Суджа шаарынын батыш тарабында курчоого алынды. Бул тууралуу РИА Новости "Түндүк" тобунун 22-мотоаткычтар полкунун офицерине таянуу менен билдирди.

"100дөн ашык адамдан турган украин аскер бөлүгү Суджанын батыш тарабында курчоого алында. Эч ким чыкпайт", - деген ал.

Ал белгилегендей, курчоодо калып калган украиналык аскерлер орус артиллериясы тарабынан аткыланып жатат.

Өткөн жуманын аягында орус аскерлери Курск облусуна масштабдуу чабуул жасап, бир нече күндүн ичинде Украинанын куралдуу күчтөрү басып алган 1100 чакырымдан ашык аймакты, анын ичинде Старая Сорочина, Малая Локня, Черкасский Поречное, Мартиновка, Микха айылдарын бошотушту. Бейшемби күнү Орусиянын Коргоо министрлиги Суджа шаарынын борбору бошотулганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: