super.kg logo

Түндүк Македонияда жети күндүк аза күтүү күнү жарыяланды 

 

Түндүк Македониянын өкмөтү Кочани шаарындагы түнкү клубда кеминде 59 адамдын өмүрүн алган өрттөн кийин жети күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган кырсык боюнча 15 адам суракка алынган. Ал эми алдын ала иликтөө иштеринде түнкү клуб тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатканы белгилүү болгон.

"Бул компаниянын иштөөгө мыйзамдуу лицензиясы жок. Бул лицензия Македониядагы башка көптөгөн нерселер сыяктуу эле паракорчулук жана коррупция менен байланышкан", - деген ички иштер министри.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 118 киши жаракат алганын, алардын арасында балдар да бар экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 16-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында Түндүк Македониянын Кочани шаарындагы "Пульс" түнкү клубунда өрт чыгып, 50дөн ашуун адам каза болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: