ТИМ АКШда каза болгон кыргыз жигити тууралуу билдирүү таратты
Тышкы иштер министрлиги АКШнын Канзас штатында жол кырсыгынан каза болгон кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты.
Ага ылайык, АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу I-70 трассасында Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 24 жаштагы кыргыз жараны Ш.Б. каза болгон.
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта. Ошондой эле сөөктү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер иштелип чыгууда.
Буга чейин трак айдап иштеген 24 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыгына кабылып каза болгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.