Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчөт
Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө 20-март күнү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Суу өчүүчү аймактар:
• Темир жол тилкеси: М. Фрунзе көчөсү, Аламүдүн суусу, Панфилов көчөсү.
• Темир жол тилкеси: Матросов көчөсү, Горький көчөсү, Гвардейский көчөсү, Бектенов көчөсү, Скрябин көчөсү, Мавлянов көчөсү жана 7-Апрель көчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.