Төрт күндүн ичинде кыргыз-тажик чек арасынан канча адам өткөнү белгилүү болду
13-марттан 17-мартка чейин кыргыз-тажик чек арасынан жалпы 4891 адам өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.
"13-март саат 9:00дөн 17-март саат 9:00гө чейинки аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу 4891 адам өттү. Анын ичинен: "Кайрагач-автожол" 3755 адам, “Кызыл-Бел - автожол” 659 адам. Кыргызстандан Тажикстанга кайра учак менен 477 адам учуп кеткен", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен биргеликте чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюшкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.