super.kg logo

Өлкөдө эки күндө эле рейдден айдоочуларга 2 миллион сомго жакын айып салынды (видео)

 

Өлкө аймагында "Кошумча жабдык" аталышында рейд жүрүүдө. Эки күндө 1 миллион 919 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Сосновка", "Арал", "Чычкан" жана башка көзөмөл-өткөрмө жайларында оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар токтотулуп, көзөмөлгө алынган. Текшерүүдө маршруттук унааларга ашыкча орундуктарды жана тапчандарды орнотуп, жүргүнчүлөрдү жаткызып алып ташып жүргөн фактылар аныкталган.

Ошондой эле унааларга багаждарды, фараларды, газ-баллондорду, тосмо борттор сыяктуу кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алган 349 айдоочу аныкталган. Аладын ар бирине 5500 сомдон протокол түзүлүп, жалпысынан айып пулдардын көлөмү жогорудагыдай суммага чыккан. ЖКККББ учурда рейд улантылып жатканын кошумчалады.






17.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: