super.kg logo
  Саясат  

Кытайыдын Үрүмчү шаарында Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду

 

Бүгүн, 17-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин кенен талкуулашты

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй эки тараптуу документтерге кол коюлду:

⁃ КЭР СУАР менен Кыргызстандын Чүй облусунун ортосунда бир тууган мамилелерин түзүү ниети жөнүндө меморандум;

⁃ Кытайдын СУАР Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун ортосунда метрология тармагында кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;

⁃ "Jitong Trading Xinjiang Co.,Ltd" жана "Xinjiang Bank Co., LTD" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бакыт Төрөбаев жыйында жакында эле эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды алдыга жылдыруу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Эркин Тунияз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну СУАР ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер дагы тереңдеп бекемделерине ишеним артарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: