super.kg logo
  Саясат  

"Туристтерге шарт..." Өзгөн районунда муниципалдык мейманкана курулуп жатат

 
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл аймагында 50 орунга ылайыкталган муниципалдык мейманкана курулуп жатат. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, курулуш иштеринин 70 пайызы аяктап калган.
"Имарат мурда клуб катары иштетилип, узак мөөнөткө ижарага берилген. Өткөн жылы айыл өкмөткө кайтарылып, багыты өзгөртүлүп, мейманкана катары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Курулушка каражат облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каралган. Мейманкана ишке кирсе, аймакта жумуш орундар жана ар тараптан келген туристтерге мыкты шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган имраттын курулушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев таанышышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: