super.kg logo

“Акылман” президенттик лицейи жаңы окуучуларды кабыл алуу үчүн сынак жарыялады

 

“Акылман” президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына карата жаңы окуучуларды кабыл алуу үчүн сынак жарыялады.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, конкурстук тандоого учурда Кыргызстанда жайгашкан окуу жайларда (мектеп, гимназия, лицей) 6-класста окуп жаткан окуучулар катыша алышат.

Конкурстук тандоо 3-этаптан турат. 1-2-тур – бул test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө, ал эми 3-тур ар бир облуста оффлайн өтөт.

1-2-этаптын онлайн тестирлөөсүнө катышуу үчүн test.akylman.edu.kg cайтына катталуу 1-апрелден баштап, 14-апрелге чейин уланат.

1-тур 18-19-апрель күндөрү онлайн форматта, 2-тур 23-24-апрель күндөрү онлайн форматта, ал эми 3-тур 1-майдан 8-майга ар бир облуста жеринен өткөрүлөт. Жыйынтыгында 3 этаптын баарынан тең ийгиликтүү өткөн эң алдыңкы 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында азыркы учурда 6-класста окуусу;
  • Кыргыз жараны болуусу;
  • “Жакшы”, “эң жакшы” деген баага окуусу, башкача айтканда, ударник же отличник болуусу.

Толук маалымат шилтемеде.

Маалымат үчүн: Лицейге кабыл алуу конкурстук тандоонун гана негизинде жүрөт жана окуучунун үй-бүлөлүк социалдык абалы каралбайт. Демек, социалдык статусуна карабастан, конкурстук тандоого катышуу үчүн бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берилет.

“Акылман” президенттик лицейине өткөн окуучулар 100 пайыз мамлекет тарабынан камсыздалынат, андыктан окутуу акысыз. Ал эми лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: