super.kg logo

Ош шаарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатып жүргөн эки аял кармалды

 
Ош шаарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатып жүрүшкөн эки аял кармалды. Бул туурасында Ош ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаар аймагында М. аттуу жаран күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз сатып жүргөндүгү боюнча милицияга маалымат келип түшөт. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 1-бөлүмү (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чараларды натыйжасында Ош шаарынын 1975-жылы туулган С.М. аттуу жараны кармалып, жанынан дарылар табылган. Ошондой эле аны дарылар менен камсыздаган шериги, У.Салиева көчөсүндөгү дарыканалардын биринде фармацевт болуп иштеген 1992-жылы туулган С.Н. аттуу аял да кармалды.
Учурда кармалган шектүүлөргө карата юридикалык баа берүү үчүн тергөө ишери жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: