super.kg logo
  Саясат  

Депутат Советбек Рустамбек уулу наристелер чалдыккан СМА диагнозу боюнча маселени көтөрдү (видео)

 

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу социалдык комитеттин отурумунда омуртка булчуң атрофиясы (СМА) диагнозу боюнча маселени көтөрдү.

Депутат жыйында алгач илдет боюнча толук маалымат берүүнү суранып, Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго кайрылды.

"Учурда Хамза, Аслан, Байхан аттуу бөбөктөр ушул илдет менен ооруп жатат. Коомчулук жапа тырмак киришип, акча чогултуп жатышат. Активисттер кол кабыш кылууда. Айыл жергесиндеги эл түшүнбөй жатат. Омуртка булчуң атрофиясы деген кандай оору? ZOLGENSMA деген кандай дары? Элдерде суроо жаралып, тактап бербүүбүздү суранышууда. "170 миллион сомдук дагы бир укол болобу?" деп жатышат", - деди Советбек Рустамбек уулу.

Байдавлетов кымбат баалуу дары башка мамлекетте болгондуктан министрлик кат жолдоп анан жиберип жатканын айтып гана чектелди. Ал эми депутаттын "уколду бир эле жолу алып айыгабы?" деген суроосуна, канчалык эрте алса, ошончолук жардам бере тургандыгын билдирди.

Советбек Рустамбек уулу Орозо айында гана садака бергендердин акчасы менен бул сумма толукталып калгандыгын айтып, башка учурда мында каражатты топтоо кыйынга тура тургандыгын эскертти. Депутат сөзүн улай башка учурларга минимстрлик даяр болушу керектигин баса белгиледи.

Башка да депутаттар бул оору тууралуу суроолорун берип, минситрликтин бир да өкүлү толук маалымат бере албагандыгын айтып, сындашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: