super.kg logo

Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) боюнча расмий маалымат берди

 

Бүгүн, 17-мартта Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркаган балдардын учурдагы абалы жана алардын дарылануусу боюнча расмий маалымат берди.

Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган.

"Алардын ичинен 12 бала дарыланууда. Алардын төртөө чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда. Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар Рисдиплам препаратын сатып алууга багытталгандыгы белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу социалдык комитеттин отурумунда СМА диагнозу боюнча маселени көтөрүп, министрликтин өкүлдөрүнүн жообун сынга алган. Ал эми жыйынга катышкан өкүлдөр 28 бала бул илдетке чалдыкканын белгилесе, айрым депутаттар бул сан так эместигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: