super.kg logo
  Саясат  

Элчи Аида Исмаилова Азия токой кызматташтык уюмунун жетекчилиги менен жолугушту

 

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Азия токой кызматташтык уюмунун (AFOCO) аткаруучу директору Чонгхо Парк менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда тараптар AFOCO уюмунун Кыргызстанда айыл жана токой чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган агротокойчулук боюнча учурдагы долбоорлорун талкуулашты. Анда биргелешип ишке ашырылып жаткан бак-дарактарды отургузуу, фермерлерди колдоо жана шаарларды жашылдандыруу демилгелерине көңүл бурулду.

Элчи Исмаилова AFOCO уюмунун Кыргызстанда экологиялык туруктуулукту камсыздоого, шаарларды жашылдандырууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга кошкон маанилүү салымын баса белгиледи.

Аткаруучу директор Чонгхо Парк кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, AFOCO уюму Кыргызстанда жаңы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: