super.kg logo

Павел Дуров Дубайга кайтып келип, ал жерден билдирүү жасады

 

Телеграм каналынын негиздөөчүсү Павел Дуров бир нече айдан кийин Дубайга кайтып келди. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында кечээ, 17-мартта билдирген.

"Сиздер буга чейин уккан болушуңуздар керек, мен Телеграмдагы кылмышкерлердин ишмердүүлүгүн иликтөөгө байланыштуу Францияда бир нече ай жүргөндөн кийин Дубайга кайтып келдим. Иш дагы деле уланууда, бирок мен үйгө кайтып келгениме абдан кубанычтамын", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-августунда Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге жеке бизнес учагы менен Азербайжандан учуп келгени маалымдалган. 28-августта чет элдик басылмалар Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланганын жазышты.

29-августта сот Дуровду камактан бошоткон, бирок ал соттун көзөмөлүндө болуп, Франциянын аймагынан чыга албайт болчу. Ошондой эле ал 5 миллион евро өлчөмүндө күрөө төлөп жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келип турушу керек болчу. Дуровго 6 берене менен айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: